РЦМСЭ Назад к новостям
29.05.2026 16:26

Жобону колдонуу боюнча эки күндүк тренинг аяктады.

Бишкек шаарында медициналык-социалдык экспертиза тутумунун эксперт-дарыгерлери үчүн жарандардын социалдык коргоо чараларына жана мамлекеттик колдоолорго жетүүсүн камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ болгон — Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жаңы Жобону колдонуу боюнча эки күндүк тренинг аяктады.

29-майда Бишкек шаарында медициналык-социалдык экспертиза тутумунун эксперт-дарыгерлери үчүн жарандардын социалдык коргоо чараларына жана мамлекеттик колдоолорго жетүүсүн камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ болгон — Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жаңы Жобону колдонуу боюнча эки күндүк тренинг аяктады. Окутуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору жана БУУӨП менен биргеликте уюштурулду. Тренингге Республикалык борбордун жана Бишкек шаарынан, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген аймактык МСЭКтин адистери катышты. Программанын борборунда — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги №185 токтому менен бекитилген Жобо болду. Катышуучулар медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүнүн алгоритмдерин, документтерди тариздөө маселелерин жана жаңы ченемдерди колдонуунун практикалык аспектилерин деталдуу карап чыгышты. Жарандардын укуктарын камсыздоо механизмдерине, анын ичинде эркиндигинен ажыратылган жерлердеги жарандарды күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Окутуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы жана БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева катышуучуларга сертификаттарды тапшырышты. БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо жана «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасын ишке ашыруу менен Кыргыз Республикасы майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо тутумун ырааттуу чыңдап, алардын коомдук турмушка толук кандуу катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө. БУУӨП мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик институттардын дараметин бекемдөө жана адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу аркылуу бул аракеттерди колдоону улантууда. Тренинг БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүктү күчөтүү» биргелешкен долбоорунун алкагында өткөрүлдүкөрүлдү. 🔷🔷🔷 29 мая в Бишкеке завершился двухдневный тренинг для врачей-экспертов системы медико-социальной экспертизы по применению нового Положения о признании гражданина лицом с инвалидностью — документа, имеющего ключевое значение для обеспечения доступа граждан к мерам социальной защиты и государственной поддержке. Обучение организовано Министерством труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики совместно с Республиканским центром медико-социальной экспертизы и ПРООН. В тренинге приняли участие специалисты РЦМСЭ и территориальных МСЭК из Бишкека и всех регионов страны. В центре программы — Положение, утвержденное постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 8 апреля 2025 года №185. Участники детально рассмотрели алгоритмы проведения медико-социальной экспертизы, вопросы документального сопровождения и практические аспекты применения новых норм. Особое внимание было уделено механизмам обеспечения прав граждан, включая проведение освидетельствования лиц, находящихся в местах лишения свободы. По завершении обучения заместитель министра труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики Аида Исатбек кызы и Постоянный представитель ПРООН в Кыргызской Республике Александра Соловьева вручили участникам сертификаты. Ратифицировав Конвенцию ООН о правах инвалидов и реализуя Государственную программу «Доступная страна», Кыргызская Республика последовательно укрепляет систему защиты прав лиц с инвалидностью и расширяет возможности для их полноценного участия в жизни общества. ПРООН продолжает поддерживать эти усилия через совершенствование законодательства, укрепление потенциала государственных институтов и развитие профессиональных компетенций специалистов. Тренинг проведен в рамках проекта ПРООН и Министерства иностранных дел Финляндии «Усиление прав человека и равного доступа к правосудию в Кыргызской Республике».
Ссылка скопирована