РЦМСЭ Назад к новостям
01.07.2026 16:20

РМСЭБ: МСЭКтин дарегине айтылган сындар боюнча расмий билдирүү

Акыркы убакта социалдык тармактарда аймактык райондор аралык Медициналык- социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) дарегине карата терс мүнөздөгү пикирлер жана видеоматериалдар байкалууда, Республикалык медициналык социалдык экспертиза борбору (РМСЭБ) төмөндөгүдөй расмий тактоону билдирет: Жарандар тарабынан жарыяланган нааразычылыктардын жана видеолордун басымдуу бөлүгү МСЭКтин кароосуна чейинки этаптарга таандык. Документтерди толтуруудагы кечигүүлөр, кезектер же башка маселелер жарандар МСЭКке расмий түрдө кайрыла электе, тактап айтканда, баштапкы медициналык маалымкаттарды, анализдерди жана жолдомолорду чогултуу убагында орун алууда. МСЭК — бул алгачкы дарт аныктоочу же документ топтоочу орган эмес. Комиссиялар эксперттик кызматты гана аткарат жана жарандар тарабынан толугу менен даярдалып келинген расмий документтердин негизинде гана чечим кабыл алат. Буга байланыштуу, документтерди алдын ала топтоо учурундагы кемчиликтерди МСЭКтин түздөн-түз ишмердүүлүгү менен байланыштыруу укуктук жактан туура эмес. Биз ачык-айкындуулукту колдойбуз жана жарандарды маалыматты объективдүү кабыл алууга чакырабыз. Эгерде мыйзам бузуулар түздөн-түз МСЭКтин отурумдарында же биздин кызматкерлер тарабынан орун алса, расмий каналдар аркылуу билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз: г. Бишкек, ул. Чуй, 265а Тел: 39-16-63, тел: 39-17-10
Ссылка скопирована