Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна 80 жыл!
1946-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин – туптуура 80 жыл! Бул убакыт ичинде Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору өлкөбүздүн жарандарын социалдык жактан коргоо, колдоо жана аларга ачык-айкын эксперттик көмөк көрсөтүү багытында чоң тарыхый жолду басып өттү.
80 жылдык маараке – бул жөн гана сан эмес, бул миңдеген жарандарга көрсөтүлгөн жардам, кабыл алынган маанилүү чечимдер жана өз ишине берилген дарыгер-эксперттердин талыкпас эмгеги.
Биз ар бир жарандын укугун коргоо жана заманбап, жеткиликтүү кызмат көрсөтүү үчүн тажрыйбабызды тереңдетип, алдыга умтула беребиз. Бардык кесиптештерибизди жана мекендештерибизди ушул улуу маараке менен куттуктайбыз! Майрамыңыздар менен!