Урматтуу саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, урматтуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын кызматкерлери!
Урматтуу саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, урматтуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Медицина кызматкерлеринин күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Адамдын өмүрү менен ден соолугун сактоо – эң ардактуу жана жоопкерчиликтүү милдеттердин бири. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, адамгерчилигиңиздер, ак ниет эмгегиңиздер жана өз ишиңиздерге болгон берилгендигиңиздер коомдун саламаттыгын чыңдоого жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылууга зор салым кошуп келет.
Өзгөчө медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр жогорку тактыкты, калыстыкты, жоопкерчиликти жана терең кесиптик билимди талап кылат. Ар бир кабыл алынган чечим жарандардын укуктарын коргоого, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга жана мамлекеттин социалдык саясатын ишке ашырууга кызмат кылат.
Сиздерге элдин саламаттыгын сактоодогу талыкпаган эмгегиңиздер, сабырдуулугуңуздар, мээримдүүлүгүңүздөр жана жогорку жоопкерчилигиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди, ишиңиздерге жаңы жетишкендиктерди жана түгөнгүс күч-кубат каалайбыз. Ардактуу эмгегиңиздер ар дайым жогорку баага татып, элибиздин сый-урматына ээ болуп жүрө берсин!
Кесиптик майрамыңыздар кут болсун! Урматтоо менен РМСЭБ директору Кыялбек Ташполотов.