РЦМСЭ Назад к новостям
15.09.2026 18:37

VI Дүйнөлүк көчмөн оюндары:

Майыптыгы бар жарандар үчүн коопсуз жана тоскоолдуксуз чөйрө камсыз кылынууда!2026-жылдын 1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөн оюндарынын (ДКО-2026) алкагында маанилүү уюштуруу иштери жүрүүдө.

VI Дүйнөлүк көчмөн оюндары: Майыптыгы бар жарандар үчүн коопсуз жана тоскоолдуксуз чөйрө камсыз кылынууда!2026-жылдын 1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөн оюндарынын (ДКО-2026) алкагында маанилүү уюштуруу иштери жүрүүдө. Иш-чаралар учурунда майыптыгы бар адамдардын тоскоолдуксуз, коопсуз кирип-чыгуусун, катышуусун жана оюндарды кеңири көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына ылайык атайын даярдыктар көрүлдү. Райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларынын (МСЭК) айдоочулары менен биргеликте 10 адистештирилген кызматтык автотранспорт каражаты майыптыгы бар жарандарды ташуу үчүн Чолпон-Ата шаарына тартылды. Оюндар өтүп жаткан мезгилде (30-августтан 6-сентябрга чейин) иштерди уюштуруу жана катышуучуларды коштоп жүрүү үчүн Республикалык медико-социалдык экспертизалоо борборунун (РМСЭБ) жумушчу тобу Ысык-Көл облусуна кызматтык иш-сапарга жөнөтүлдү.
Ссылка скопирована