Маалымкат ар дайым колдо:
Маалымкат ар дайым колдо: МСЭКти санариптештирүү майыптык жөнүндө документке жетүүнү кантип жеңилдетти
Маалымкат ар дайым колдо: МСЭКти санариптештирүү майыптык жөнүндө документке жетүүнү кантип жеңилдетти
Мурда медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан (МСЭК) өткөндөн кийин Темирбек Курманбаев кагаз түрүндөгү маалымкат алып, зарыл болгон учурда көрсөтүү үчүн аны сактап жүрүүгө тийиш эле. Азыр болсо бул документ автоматтык түрдө «Түндүк» мобилдик тиркемесинде көрүнүп, ар дайым телефондо жеткиликтүү.
Бишкек шаарынын тургуну Темирбек Курманбаев 2021-жылдан бери медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан кайра күбөлөндүрүүдөн өтүп келет. Оорусунун күчөшүнө байланыштуу ага майыптык макамын тариздеп, аны жыл сайын ырастап туруу зарыл болгон.
Темирбектин айтымында, МСЭКтен өтүү тартиби өзгөргөн жок жана мурдагыдай эле медициналык текшерүүнү жана адистердин жеке кароосун камтыйт. Өзгөргөнү жыйынтыкты тариздөө жана алуу жолу болду. Эми маалымкат санариптик форматта жеткиликтүү.
«Мен үчүн эң чоң ыңгайлуулук - маалымкаттын ар дайым телефондо болушу. Мурда аны жоготуп алам деп кооптончумун, азыр болсо баары телефондо», - дейт Темирбек.
Европа Биримдигинин колдоосу менен БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча фонду аркылуу каржыланган жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координаторунун жетекчилиги астында ДССУ, БУУӨП, БУУнун Калк жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылып жаткан биргелешкен программа Кыргызстандын санариптик саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган.